“Мамлекеттик тил ар бир тармакта” аттуу кереге кеңеш болуп өттү

Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик тили жөнүндө” мыйзамдын кабыл алынганына быйыл 35 жыл толуп олтурат. Мамлекеттик тилдин өнүгүшүнө карай А.Токтоналиев атындагы Бишкектеги финансы-экономикалык техникумунда “Мамлекеттик тил ар бир тармакта” аттуу кереге кеңеш болуп өттү. Бардыгыңыздарды тил майрамыңыздар менен чын дилибизден куттуктайбыз!

Улуу жазуучубуз А. Токомбаев: «Тил эң эле ыйык, ал элпекти, сулуулукту, тактыкты, уккулукту талап кылат. Ага кайдыгерлик кылып карооого болбойт. Тил адамзаттын эң сонун эчтеме менен алмаштырылбай турган байлыгы. Тил байлыгы учу кыйры жок океан. Казып бүтпөй турган кенч» дегендей  иш-чаранын максаты: Мамлекеттик тилди өнүктүрүү, жайылтуу жана аны ар бир тармакта кеңири колдонуу. Тил- улуттук руханий курал.

Кереге кеңешке катышкан коноктор:

  1. Исаканова Эльнура Сапарбековна- ДосКредоБанктын насыялоо боюнча директордун орун басары;
  2. Адылов Улан Алишерович- Кыргызстан коммерциялык банкынын Маалыматтык технологиялар департаментинин бизнес аналитиги;
  3. Чалбаева Нуржан Асанбековна – Мамлекеттик салык кызматынын Биринчимай району боюнча жергиликтүү салыктар жана жыйымдар башкармалыгынын башкы инспектору;
  4. Кадыркулов Рустам-Караван логистик Түштүк-Чыгыш Азия департаментинин жетекчиси;
  5. Жолдошбеков Нурбек – курулуш компаниясынын менеджери;
  6. ⁠ Темирбеков Бекмуза- Камсыздандыруу жана кайра камсыздандыруу башкармалыгынын башкы адиси;
  7. ⁠Аалиева Бакбүбү -Ленин райондук салык кызматкери.                                                                                                                                                                                 Өз кесиптик тармактарында мамлекеттик тилди өнүктүрүүдө жүргүзүлүп жаткан иш-чаралар жөнүндө кызыктуу ой-пикирлери менен бөлүштү.          Иш-чаранын катышуучуларына терең ыраазычылык билдиребиз.