Мамлекеттик тилди билүү Кыргыз Республикасынын  ар бир жаранынын парзы жана милдети болуп эсептелет.  Бул Кыргызстанды туруктуу өнүктүрүүдөгү маанилүү фактор катары практикалык натыйжаларга жетишүү  — мезгилдин талабы. Биздин окуу жайыбыздын окутуучулары, кызматкерлери жана студенттери да мамлекеттик тилдин маанисин, аны келечекте өнүктүрүү маселесин туура түшүнүү менен кабыл алышып колдошууда.
        Мамлекеттик тилде орто кесиптик окуу жайында окутуунун формаларына, сабактын типтерине жана түрлөрүнө, сабакты талдоонун методикасына, сабакта колдонулуп жаткан ыкмаларга, көрсөтмө куралдарга болгон бүгүнкү мамиле да түп тамырынан өзгөрүүгө муктаж экени талашсыз маселелердин бири.
        Техникумда Мамлекеттик тилде бардык дисциплиналарда өтүлүүчү сабактардын сапатын жогорулатууда, ошондой эле кыргыз тилин окутуунун салттуу жана инновациялык интерактивдүү ыкмалар бүгүнкү күндүн талабы катары каралууда. Анткени илим–техниканын өсүшү менен талап да өзгөрүүдө экени талашсыз.
       Окутуучулар кеңири  колдонгон интерактивдүү ыкмалар, каражаттар азыркы учурдун салттуу классикалык сабактарында колдонуп келет. Сабак берген ар бир мугалим окуучунун же студенттин сабаттуулугун туура жолго коюу маселесин өз предмети менен эриш-аркак жүргүзөт. Ошону менен бирге, сабакта жүргүзүүлүчү бардык жазуу жумуштарына коюлуучу талаптар, алардын системасы, ишке ашырылуучу иш-аракеттер жана сабактан тышкары учурда окуучулардын орфографиялык сабаттуулугун арттыруунун айрым жолдору, бир катар методикалык ыкмалар, иш-чаралар, уюштуруу-педагогикалык жумуштар мамлекеттик тилде аткарылууда.
  • Куратор- мугалимдер тематикалык-класстык сааттарды;
  • Мугалимдердин ачык сабактары;
  • Сабакка байланыштуу усулдук иштерди иштеп чыгууда;
  • Баяндамаларды жазууда;
  • Ар кандай окуу жана окуудан тышкары иш-чараларды өткөрүүдө:
 
       Мисалы: Мамлекеттик тил күнү,  Тематикалык кереге-кеңештер, Эл аралык Эне тил күнү,  Ата Мекенди коргоо күнү, Жеңиш күнү, А.Токтоналиевдин өмүрү жана  техникумдун өнүгүшүнө кошкон салымы, Бүтүрүү кечеси  жана көптөгөн башкалар.