Кара-Кыргыз автоном облусунун түзүлгөнүнө 100 жыл

Кара-Кыргыз автоном облусунун түзүлгөнүнө 100 жыл

Кара-Кыргыз автоном облусу-эгемен өлкө башаты

Быйыл октябрь айында Кыргыз элинин тарыхындагы эң урунттуу учурлардын бири-кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн башаты-Кара-Кыргыз автоном облусунун түзүлгөнүнө 100 жыл толот.

Кыргыз журту үчүн 20 кылымдын башы кыйла трагедиялуу болду. Үркун учурун айтпасак да баарына белгилүү. 1917-жыл Совет бийлиги орноду деген менен, анын алгачкы жылдарында кыргыз жери да, эли да бытыранды болуп калган. Анын түндүгү Түркстандын Жети-Суу облусуна, түштүгү Кара-Дарыя облусуна, кайсы бир аймактары Кытайга караган. Ошондон улам, Ишеналы Арабаев, Абдыкерим Сыдыков, Иманалы Айдарбеков, Абдыкадыр Орозбеков, Жусуп Абдрахманов, Касым Тыныстанов сындуу эр-азаматтар башында турган демилгечил топ кыргыз кыйырын бириктирүү жана өз алдынча мамлекет түптөө демилгесин колго алышкан. Бирок бул идея Кудайкулов, Бабаханов, Тойчунов баштаган кыйкымчыл топко жаккан эмес. Себеби алар, эгемен мамлекет түзө аларыбызга көздөрү жетпей, ар кандай каттарды жазып тоскоолдук гана жаратып турушкан. Мына ушундай көп тараптуу каршылыктарга карабастан, интеллектуалдык деңгээли боюнча, илим-билим жагынан Кудайкуловчулардан кыйла айырмаланып турган, кырчылдашкан кырдыбычак кармаштарда тажрыйба топтоп, такшалып калган ошол демилгечил топтун аракети менен 1924-жылдын 14-октябрында РСФСРдин курамында Кара-Кыргыз автоном облусу түзүлөт.

Жаңы мамлекеттик тузүмдүн жетекчилигине Иманалы Айдарбеков бекитилген. Ал Ревкомдун башчысы, азыркы тил менен айтканда, эң алгачкы мамлекет башчысы болуп калды. И.Айдарбековдун демилгеси менен Пишпек шаары Кыргызстандын борбору катары жарыяланып, бийлик органдары Ташкенден толугу менен көчүрүлүп келинет. Ошону менен бирге, кыргыз жетекчилигинин өтүнүчү боюнча Кара-Кыргыз автономдуу облусу 1925-жылдын 25-мартынан тарта мурдагы аты өзгөртүлүп, Кыргыз автономдуу облусу аталат.

1926-жылдын 1-февралынан тарта Кыргыз автоном облусу РСФСРдин курамындагы Кыргыз АССРине айланганда 26 жаштагы Жусуп Абдрахманов (өз аты-жөнү-Усуп Абдыраман уулу) Эл Комиссарлар Советинин төрагалыгына шайланып, адегенде эле буга чейин чачкын болуп келген кыргыз аймагын бүкүлү өлкөгө бириктирүү ишине билек түрүнө киришет. Каршыккан катуу кармаштын жыйынтыгында, кыргыз жери 1927-жылы 195740 чарчы чакырымга, 1929-жылы 197261 чарчы чакырымга чейин кеңейтилген. Мында Ж.Абдрахмановдун кошкон салымы зор. Ал өкмөт башчы катары кыргыз жерлерин кайтарып алуу демилгесинин көч башында турган.

Өкмөт башчы Ж.Абдрахманов совет бийлигин чыңдоо, жергиликтүү калкты отурукташтыруу, эл чарбасын уюштуруу, өнөр жайды калыптандыруу сындуу мамлекеттик деңгээлдеги маселелер менен алпурушса, эл агартуу башчысы Касым Тыныстанов тунгуч профессор, акын, окумуштуу, агартуучу катары, карапайым калктын сабатсыздыгын жоюу, окуу куралдарын иштеп чыгуу, улуттук маданиятты көтөрүү, анын ичинде улуттук кесипкөй адабиятты түптөө, “Манас” баш болгон элдик чыгармаларды жыйноо, иргөө, жаздыруу, бастыруу иштери менен көбүрөөк алектенген.

Ошентип, кыргыздын соңку тарыхында өз алдынча мамлекет түптөгөн кыргыз интеллегенциясынын алдыңкы өкүлдөрүнүн өмүр жолу бактылуу да, мүшкүлдүү да болду. Бактысы ушул: алардын ысымы кыргыз тарыхында түбөлүк жазылып калды. Ал эми мүшкүлү ушул: өтө кыска жашашты, көбү улутчул, алашчыл, пантюркист деген жалаа менен 1937-1938-жылдардагы репрессиянын курмандыгы болушту. Чын-чынына келгенде, алар өз улутунун чегинен алысты көрө албаган улутчул эмес, өз элинин келечек тагдыры үчүн күрөшкөн улутман инсан болушкан.

Китепкана