Бүгүн 21-февраль — Эл аралык эне тил күнүнө карата I курсттун студенттеринин арасында «ЭРУДИТ-КВИНТЕТ» ИНТЕЛЛЕКТУАЛДЫК ОЮНУ болуп өттү. Максаты: Өз эне тилин билүү менен студенттердин логикалык ой жүгүртүүлөрү, интеллектуалдык жөндөмдөмдүлүктөрү калыптануу менен тапкычтыкка, шамдагайллыкка багыт алышат.
”ЭРУДИТ-КВИНТЕТ” интеллектуалдык оюну 2 раунддан турду. 1) Блиц -викторина 18 суроодон; 2) Суроо-жооп категорияларды тандашат (адабият, математика, тарых, химия, география, билогия, химия, информатика) 3)Ар бир группадан 5 тен студент катышып, жыйынтыгында I орунду Бух-3-23 тайпасынан түзүлгөн “ Сириус”, командасы грамота жана кубокко ээ болушса, II орунду “Бух-5-23 “ Сатурн”, III орунду “Эврика” тайпалары грамота жана баалуу белектер менен сыйланышты. Интеллектуалдык оюнга катышкан активдүү студенттерге белектер берилди. Оюнду география мугалими Сүйүндүкова Мейизгүл Иманалиевна алып барды. @meyizgulsuiundukovaofficial