Бүткүл дүйнөлүк аманат күнүнө арналган иш-чаралардын алкагында Кыргыз Республикасынын Депозиттерди коргоо боюнча агенттиги А.Токтоналиев атындагы БФЭТтин 3-курсунун студенттери үчүн бир катар лекцияларды жана илимий-теориялык семинарды уюштурду.  Бул иш-чаралардын максаты жаштардын финансылык сабаттуулугун жогорулатуу жана акча топтоо маданиятын калыптандыруу.

Бүгүн, 2024-жылдын 14-ноябрында, 2024-жылдагы Бүткүл дүйнөлүк аманат күнүнө арналган иш-чаралардын алкагында Кыргыз Республикасынын Депозиттерди коргоо боюнча агенттиги А.Токтоналиев атындагы БФЭТтин 3-курсунун студенттери үчүн бир катар лекцияларды жана илимий-теориялык семинарды уюштурду.  Бул иш-чаралардын максаты жаштардын финансылык сабаттуулугун жогорулатуу жана акча топтоо маданиятын калыптандыруу.

Семинардын жүрүшүндө агенттиктин адистери Кыргызстандагы депозиттерди коргоо системасынын негизги аспектилерине токтолуп, анын каржы секторунун туруктуулугун камсыз кылуу жана аманатчылардын кызыкчылыктарын коргоо үчүн маанилүүлүгүн баса белгилешти. Студенттер депозиттерди камсыздандыруу системасынын иштөө механизмдери, ошондой эле аманатчылардын укуктары жана милдеттери боюнча практикалык билим алышты. Жеке каржыны сарамжалдуу башкаруу, бюджетти пландаштыруу маселелерине өзгөчө көңүл бурулуп, топтоо адаттарын жаштайынан калыптандыруунун маанилүүлүгү белгиленди. Семинардын катышуучулары талкууларга активдүү катышып, суроолорду берип, актуалдуу каржы темалары боюнча ой бөлүшүштү.

Депозиттерди коргоо агенттиги бардык катышуучуларга ыраазычылык билдирип жана алынган билим жаштардын финансылык аң-сезимин жана жоопкерчилигин жогорулатууга салым кошот деп ишенет. Кеңири аудиторияга жеткирүү жана коомдо финансылык маданиятты чыңдоо максатында мындай иш-чараларды мындан ары да улантуу пландалууда.

Сегодня 14-ноября 2024 года в рамках мероприятий, приуроченных к Всемирному дню сбережений 2024 года, Агентство по защите депозитов Кыргызской Республики организовало серию лекций и научно-теоретический семинар для студентов третьего курса БФЭТ им.А.Токтоналиева. Целью данных мероприятий является повышение финансовой грамотности молодежи и формирование культуры сбережений.

В ходе семинара специалисты Агентства осветили ключевые аспекты системы защиты депозитов в Кыргызстане, подчеркнув ее значимость для обеспечения стабильности финансового сектора и защиты интересов вкладчиков. Студенты получили практические знания о механизмах функционирования системы страхования вкладов, а также о правах и обязанностях вкладчиков. Особое внимание было уделено вопросам рационального управления личными финансами, планирования бюджета и важности формирования сберегательных привычек с раннего возраста. Участники семинара активно участвовали в обсуждениях, задавали вопросы и делились своими взглядами на актуальные финансовые темы.

Агентство по защите депозитов выражает благодарность всем участникам и надеется, что полученные знания будут способствовать повышению финансовой осведомленности и ответственности среди молодежи. Проведение подобных мероприятий планируется продолжить в будущем для охвата более широкой аудитории и укрепления финансовой культуры в обществе.