2024-ж. 25-апрелинде Бишкектеги А. Токтоналиев атындагы финансы-экономикалык техникумунда «Мамлекеттик тилди өнүктүрөлү!» аттуу семинар өткөрүлдү.

Кыргыз Республикасынын кесиптик орто билим берүү чөйрөсүндө мамлекеттик тилди өнүктүрүүнүн алкагында 2024-ж. 25-апрелинде Бишкектеги А. Токтоналиев атындагы финансы-экономикалык техникумунда «Мамлекеттик тилди өнүктүрөлү!» аттуу семинар өткөрүлдү. Семинардын максаты: Кыргыз Республикасынын 2021-2025-жылдары мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана тил саясатын өркүндөтүү программасын ишке ашыруу боюнча кесиптик билим беруу тармагында аткарылып жаткан иш-аракеттерди жайылтуу.
Семинардын милдети: болочок адистердин кесиптик ишмердүүлүгүндө мамлекеттик тилди эркин колдонуусун калыптоо.
Семинарда ачык сабактар, атайын дисциплиналар боюнча мастер-класстар, ошондой эле БФЭТтин окутуучулары даярдаган тарбиялык мүнөздөгү сабактан тышкаркы иш-чаралары болуп өттү.
Семинарга Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин өкүлдөрү, Мамлекеттик тил боюнча атайын кесиптик орто окуу жайларынын жетекчилери жана түрдүү дисциплиналардын окутуучулары катышышты.
Семинарыбыздын коноктору республиканын ар кайсы аймактарынан келишти — Ыссык-Көл, Баткен, Ош, Талас, Чуй, Бишкек.
Семинар Кыргыз Республикасынын Өкмөтү, Кыргыз Республикасынын Президенти, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан иштелип чыккан мыйзамдарды, жарлыктарды, буйруктарды жана программаларды аткаруу, ошондой эле мамлекеттик тилди окутуу жана толук пайдалануу, квалификацияны жогорулатуу жана КР КООЖдор ортосунда тажрыйба алмашуу, мамлекеттик тилди өнүктүрүү боюнча маанилүү иш-чараларды уюштуруу жана өткөрүү аркылуу алардын ортосундагы байланыштарды бекемдөө, кесиптик орто билим чөйрөсүнө мамлекеттик тилди туруктуу киргизүү жана пропагандалоо жаатындагы инновацияларды жайылтууга көмөк көрсотүү максатында өткөрүлдү.