20.09.2024 Эл аралык Рерих борборунун Тянь-Шань Рерих коомунун чакыруусу менен китепкана кызматкерлери жана 1-курстун БД-1-24 тайпасы китеп — иллюстрация ачылышына катышышты.

2024-жылдын 20-сентябрында БФЭТ китепканасынын кызматкерлери жана 1-курстун БД-1-24 тайпасынын студенттери куратору Гунжижова М.М. менен бирге Эл аралык Рерих борборунун Тянь-Шань Рерих коомунун чакыруусу менен китеп — иллюстрация ачылышына катышышты. Иш-чара «Космостук эволюциянын кабарчылары»  деген темада А.Осмонов атындагы Улуттук китепканада болуп өттү.

Көргөзмөнүн программасында Кыргызстандын илим жана маданият ишмерлери жана Индиянын Кыргызстандагы элчиси баяндама жасап,андан соң көргөзмөгө экскурсия уюштурулду.

Иш чаранын соңунда фондтун жетекчиси жана уюштуруучулар тарабынан китепкана кызматкерлерине жана студенттерге ыраазычылык билдирилди.