08.05.2024 А.Токтоналиев атындагы БФЭТда Жеңиштин 79 жылдыгынын урматына салттуу майрамдык иш-чара өткөрүлдү.

Жыл сайын май айында элибиз согуштун коркунучтуу жылдарын, курман болгон баатырларды эскерип турат. А.Токтоналиев атындагы БФЭТтеги Жеңиштин 79 жылдыгынын урматына салттуу майрамдык иш-чара өткөрүлдү. Майрамдык концерт Ленинград блокадачыларынын, Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучуларынын, Бишкек шаарынын мэриясынын өкүлдөрүнүн жана согуш баатырларынын урпактарынын катышуусунда болду.
БФЭТтин окутуучулары өз мекени үчүн сыймыктануу сезимин калыптандыруу, Улуу Ата Мекендик согуштун жоокерлеринин эрдиги жөнүндө эскерүүнү сактоо үчүн бардык шарттарды түзүшөт. Бул окуучулардын өлкөбүздүн тарыхына, Ата Мекендин аскердик тарыхына болгон кызыгуусун арттырат.

Каждый год в майские дни наш народ вспоминает грозные годы войны, чтит память павших героев. В честь 79-й годовщины со Дня Победы в БФЭТ им. А.Токтоналиева прошло традиционное праздничное мероприятие с участием блокадников Ленинграда, участников ВОВ, представителей Мэрии города Бишкек и потомков героев войны.
Преподаватели БФЭТ создают все условия для формирования чувства гордости за свою Родину, сохранение памяти о подвиге наших солдат в ВОВ.
Это развивает интерес учащихся к историческому прошлому нашей страны, военной истории Отечества.