Мамлекеттик тилди өнүктүрүү

Мамлекеттик тилди билүү Кыргыз Республикасынын ар бир жаранынын парзы жана милдети болуп эсептелет. Бул Кыргызстанды туруктуу өнүктүрүүдөгү маанилүү фактор катары практикалык натыйжаларга жетишүү-мезгилдин талабы. Биздин окуу жайыбыздын окутуучулары, кызматкерлери жана студенттери да мамлекеттик тилдин маанисин, аны келечекте өнүктүрүү маселесин туура түшүнүү менен кабыл алышып колдошууда.

     Мамлекеттик тилди өнүктүрүү боюнча Программаны ишке ашыруу максатында техникумда ар кыл иш-чаралар өткөрүлүүдө.

     Тактап айтканда,  окуу жылында окуу-тарбия процессинде айрым сабактар, класстык тарбиялык сааттар, кереге кеңештер, усулдук иштелмелер, баяндамалар, концерт-кечелер ж.б. ушул сыяктуу иш-чаралар мамлекеттик тилде жазылып жана өткөрүлүп жатат.

     Техникумдун жалпы түзүмдөрүндөгү бардык иш кагаздар эки тилде жүргүзүлүп жатат. Көрнөк-жарнактар, кулактандыруу
ж.б. иш кагаздары мамлекеттик жана расмий  тилде жазылууда.

     Ар бир ПЦКнын иш планында, ар бир мугалимдин жеке иш планында мамлекеттик тилди өнүктүрүү боюнча иш-чаралар пландаштырылган (УМК — окутуу-усулдук комплекс, УПМ — окутуу–практикалык материалдар, ачык сабактар, ж.б.).  

    Кураторлор тарбия иштери боюнча өзүнүн планы боюнча мамлекеттик тилде тарбия иштерин жүргүзүп, аткарып жатышат. Жалпы техникум боюнча белгилүү даталарда класстан тышкары иш-чаралар мамлекеттик тилде өткөрүлүп жатат.