Бүгүн, 2024-жылдын 4-ноябрында биздин техникумда VIII Бүткүл россиялык экономикалык диктантта эң жакшы жыйынтык көрсөткөн студенттерди сыйлоо боюнча салтанаттуу азем болуп өттү.

 Быйыл биздин окуу жайдан 117 окуучу диктантка катышты. Ишти текшерүүнүн жыйынтыгы менен эң көп балл алган 8 мыкты окуучу аныкталды. Алар:

1.Кошоева Гуляйым

2.Адбурахманов Салават

3.Сакишев Адилет

4.Асанкалиев Муса

5.Белекова Шоола

6.Билалов Исхак

7.Дуйшенбаева Аделя

8.Абдылдаева Эльвира

 Бүткүл россиялык экономикалык диктант – калктын экономикалык сабаттуулугун баалоого жана жогорулатууга багытталган жыл сайын өтүүчү билим берүү иш-чарасы. 2024-жылы “Күчтүү экономика – гүлдөгөн Россия!” деген темада диктант Россия Федерациясынын 89 областын жана 11 өлкөнү камтыды. (https://diktant.org/)                                                                                                         Бүткүл россиялык жыл сайын өтүүчү “Бүткүл россиялык экономикалык диктант-2024” билим берүү иш-чарасынын уюштуруу комитети быйылкы жылдагы иш-чаранын жыйынтыгын чыгарып, “М.Рыскулбеков атындагы Илимий изилдөө Кыргыз экономикалык университети” А.Токтоналиев атындагы БФЭТ аныктап, “Бүткүл россиялык экономикалык диктант-2024” үчүн мыкты аймактык платформа деп белгиледи.                                              Биз студенттерибиз менен сыймыктанабыз жана аларга мындан аркы окууларына жана кесиптик ишмердигине ийгиликтерди каалайбыз.