Быйыл биздин окуу жайдан 117 окуучу диктантка катышты. Ишти текшерүүнүн жыйынтыгы менен эң көп балл алган 8 мыкты окуучу аныкталды. Алар:
1.Кошоева Гуляйым
2.Адбурахманов Салават
3.Сакишев Адилет
4.Асанкалиев Муса
5.Белекова Шоола
6.Билалов Исхак
7.Дуйшенбаева Аделя
8.Абдылдаева Эльвира
Бүткүл россиялык экономикалык диктант – калктын экономикалык сабаттуулугун баалоого жана жогорулатууга багытталган жыл сайын өтүүчү билим берүү иш-чарасы. 2024-жылы “Күчтүү экономика – гүлдөгөн Россия!” деген темада диктант Россия Федерациясынын 89 областын жана 11 өлкөнү камтыды. (https://diktant.org/) Бүткүл россиялык жыл сайын өтүүчү “Бүткүл россиялык экономикалык диктант-2024” билим берүү иш-чарасынын уюштуруу комитети быйылкы жылдагы иш-чаранын жыйынтыгын чыгарып, “М.Рыскулбеков атындагы Илимий изилдөө Кыргыз экономикалык университети” А.Токтоналиев атындагы БФЭТ аныктап, “Бүткүл россиялык экономикалык диктант-2024” үчүн мыкты аймактык платформа деп белгиледи. Биз студенттерибиз менен сыймыктанабыз жана аларга мындан аркы окууларына жана кесиптик ишмердигине ийгиликтерди каалайбыз.