А.Токтоналиева атындагы БФЭТнун  студенттери  

А.Токтоналиева атындагы БФЭТнун  студенттери  Л-1-22; Л-1-23; МК-1-22; МК-2-22; группалары “Менеджмент жана маркетинг” бөлүмүнүн башчысы  Мукашева М.С.  жана атайын дисциплиналар окутуучусу Аминова Г.И. 29-30-31-октябрда Логистика, транспорт жана кампа жабдууларынын көргөзмөсүндө болушту. Көргөзмө КР тажрыйба алмашуу, ишкердик байланыштарды түзүү жана жаңы келишимдерди түзүү үчүн натыйжалуу аянтча болуп калды. Көргөзмөнүн катышуучулары өздөрүнүн инновациялык иштеп чыгууларын, технологияларын жана кызматтарын потенциалдуу өнөктөштөрдүн жана кардарлардын кеңири аудиториясына көрсөтө алышты, ар кайсы өлкөлөрдөгү кесиптештери менен тажрыйба алмашышты, Борбордук Азиянын жана дүйнөнүн алдыңкы профилдик компаниялары менен ишкер байланыштарды түзүштү, ал эми коноктор — рыноктун жаңы тенденциялары менен таанышышты. Көргөзмө Кыргызстандын экономикасынын өнүгүшүнө олуттуу салым кошуп, жаңы ийгиликтүү долбоорлордун башталышы болду.. Бул иш-чара биз үчүн жаңы перспективалардын жана мүмкүнчүлүктөрдүн жана бекем ишкер байланыштардын башталышы болду.