«Коррупциясыз жашоого карай жол. Кыргызстан кечээ, бүгүн, эртең!»

2025-жылдын 17-декабрында А. Токтоналиев атындагы Бишкек финансылык-экономикалык техникумунда Коррупцияга каршы күрөшүү күнүнө карата уюштурулган конок лекция өттү. Лекциянын темасы:– «Коррупциясыз жашоого карай жол. Кыргызстан кечээ, бүгүн, эртең!»       Иш-чарага Кыргыз Республикасынын УКМКсынын жана Кыргыз Республикасынын ИИМинин Республикалык окуу борборунун өкүлдөрү катышты.  Катышуучуларга  техникумдун директору Жапаров Г.Д. жана укуктук дисциплиналардын окутуучусу Керимбердиева А.Ж. кайрылышып, жаштарда антикоррупциялык аң-сезимди калыптандыруунун маанилүүлүгүн, ошондой эле билим берүүнүн коррупциянын алдын алууда өзгөчө ролу бар экенин белгилешти.  Лекциянын алкагында техникумдун студенттери коррупцияга каршы күрөштүн актуалдуу маселелерине арналган мазмундуу баяндамаларды сунушташты, анын ичинде: Борбордук Азия өлкөлөрүндө коррупцияга каршы күрөш;                                                                                                                                                                                Коррупциянын социалдык адилетсиздикке жана жакырчылыктын деңгээлине тийгизген таасири; Билим берүү тармагындагы коррупция көйгөйлөрү. Ошондой эле студенттер тарабынан даярдалган тематикалык видеороликтер көрсөтүлдү.       УКМК КР жана ИИМ КР Республикалык окуу борборунун өкүлдөрү болгон чакырылган коноктордун баяндамалары аудиторияда өзгөчө кызыгуу жаратты. Алар практикалык тажрыйбалары менен бөлүшүп, студенттердин суроолоруна жооп беришип, коррупциялык укук бузууларга каршы күрөштүн заманбап механизмдерин талкуулашты.  Иш-чаранын жыйынтыгында катышуучулар конок лекциянын жогорку практикалык маанисин жана мындай жолугушууларды өткөрүүнүн билим алуучулардын укуктук маданиятын жана жигердүү жарандык позициясын калыптандыруудагы маанилүүлүгүн белгилешти.                                                                                                                                      Иш-чараны өткөрүүгө жооптуу: «Экономика, менеджмент жана укук» ПЦКсы.