26–28-ноябрда Краснодар крайындагы Сочи шаарында (Россия) «Сириус» федералдык аймагында Жаш окумуштуулардын V юбилейлик Конгресси болуп өттү

А. Токтоналиев атындагы Финансы-экономикалык техникумунун окутуучусу Сүйүндүкова Мейизгүл Иманалиевна 26–28-ноябрда Краснодар крайындагы Сочи шаарында (Россия) «Сириус» федералдык аймагында өткөн Жаш окумуштуулардын V юбилейлик Конгрессине катышты. Иш-чара Россия Федерациясында жарыяланган Илим жана технологиялар он жылдыгынын алкагында өткөрүлдү.
Конгресс Россиянын эл аралык кызматташтык боюнча агенттиги — «Россотрудничество» тарабынан чакырылган 150дөн ашуун чет өлкөлүк катышуучуну бириктирип, жаңы технологиялар, илимий тенденциялар жана келечектеги өнүгүү багыттары боюнча тажрыйба алмашуу үчүн ири диалогдук аянтча болду. Үч күндүн ичинде катышуучулар панелдик сессияларга, презентацияларга жана темалык талкууларга активдүү катышты. Кыргызстандан да бир нече жаш окумуштуулар Конгресске катышып, өлкөнүн илимий потенциалын тааныштырышты.
28-ноябрда «Жасалма интеллект: мүмкүнчүлүктөргө толгон келечекпи же коркунучпу?» аттуу тегерек стол өтүп, аны «Россотрудничество» жетекчисинин орун басары Павел Анатольевич Шевцов жүргүздү. Иш-чарага Россиянын Илимдер академиясынын, Сколтехтин, алдыңкы жогорку окуу жайларынын жана эл аралык эксперттик коомчулуктун өкүлдөрү катышып, жасалма интеллекттин коопсуз жана жоопкерчиликтүү колдонулушу, ошондой эле глобалдык тобокелдиктерди азайтуудагы эл аралык кызматташтыктын мааниси талкууланды.
Сүйүндүкова Мейизгүл Иманалиевна ошондой эле «Технологиялык лидерлик үчүн экологиялык билим берүү» программасынын алкагындагы тегерек столдорго катышып, экологиялык сабаттуулукту жогорулатуу, аны окутуу процессине интеграциялоо жана технологиялык өнүгүү шартында адистерди даярдоонун мааниси боюнча пикир алмашууга мүмкүнчүлүк алды.