«Финтех таншыйт!» иш-чарасынын жыйынтыгы болду!

Бүгүн биздин техникумда жаркыраган гала-концерт болуп өттү — ал «Финтех таншыйт!» иш-чарасынын жыйынтыгы болду! Иш-чаранын жыйынтыгында мыкты тайпалар дипломдор менен сыйланып, лауреат жана дипломант наамдарына ээ болушту.

 Сыйлык ээлери:

1-орун — Бух-4-25

2-орун — Бух-2-25, Л-1-25, Фп-1-25

3-орун — Сд-1-25, Б-1-25, М-2-15, М-1-25

Ал эми башкы сыйлык — Гран-при — Л-3-25 тайпасына ыйгарылды! Көрүүчүлөр жагымдуу эмоцияларга жана шыктанууга бөлөнүштү! Мындан сырткары, демөөрчүбүз — биздин бүтүрүүчү эжебиз Сабыралиева А.К. мыкты белектерди тапшырды. Ошондой эле, калыстар тобунун мүчөлөрү да куру кол келбей, өз белектерин лауреаттарга жана дипломанттарга тапшырышты.