25.09.25 техникумубуздун салтанат залында 23 – Сентябрь Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик тили” жөнүндө мыйзамдын 36 жылдыгына карата окуу жайыбыздын биринчи жана экинчи курсунун студенттеринин арасында “Кылымдан кылым өтсө да, кыргыз тили жашасын!” аттуу көркөм окуу, эссе жана дубал гезиттери боюнча сынактын жыйынтыктары чыгарылды.
Студенттер, белгилүү акындардын тил жөнүндө жазган ырларынан жана автордук ырларды көркөм айтып, эң жогорку деңгээлде, чеберчилик менен аткарышты. Көрүүчүлөрдүн купулуна толуп, эң жакшы маанай менен кайтышты.
Дүйнөдө кыргыз эли жашап турганда, кыргыз тили жашай берет!