Азыр келечектеги банкирлерде заманбап талаптарга жооп берген дагы бир мейкиндик пайда болду. Аудитория толугу менен оңдолуп, бардык керектүү нерселер менен жабдылган. Айта кетсек — техникумдун көптөгөн бүтүрүүчүлөрү ушул банкта эмгектенип, алардын көпчүлүгү жетекчилик кызматтарды ээлешкендиги кубандырат.


