«ЖЕҢИШ ЖАТ ЖАЗУУСУ»

А.Токтоналиев атындагы Бишкектеги финансы-экономикалык техникумунда Улуу Жеңиштин 80 жылдыгына арналган жетинчи эл аралык патриоттук-агартуучулук акциясы «ЖЕҢИШ ЖАТ ЖАЗУУСУ» (Диктант победы) болуп өттү. «Жеңиш жат жазуусу» — Улуу Ата Мекендик согуштун окуяларына байланышкан эл аралык тарыхый жат жазуу болуп саналат. Бул жылы тапшырмалар Улуу Жеңиштин 80 жылдыгына, согуштун негизги окуяларына, баатырлардын эрдигине, фронттук жазуучулардын мааракелерине, ошондой эле башка эсте каларлык даталарга арналган.  Катышуучуларга жалпы тарыхый темалар боюнча 25 суроо берилип жыйынтыгы чыгарылды.                          Уюштуруучулар: Джунушалиева А.К., Айбекова Ж.А., Далиева Г.С., Эсенканова Ж.Э.