



Бул иш-чара китеп окуу маданиятын жайылтуу, улуттук китеп басма жетишкендиктерин көрсөтүү жана жаш муунду окууга тартууга багытталды. Фестивалга мамлекеттик органдардын өкүлдөрү, маданият ишмерлери, акын-жазуучулар жана окурмандар катышышты.
23-апрель бүткүл дүйнөлүк китеп жана автордук укук күнүнө карата БФЭТтин китепкана кызматкерлери жылдагыдай китеп жөнүндө маалымат көргөзмөсүн уюштурду. Ошондой эле китепкана кызматкерлери Ала-Тоо аянтында өтүп жаткан фестивалга ФП-1-24, ФП-7-24 группаларынын студенттерин уюштуруп, кыргыз тили мугалими Г.Ш.Касмалиева менен катыштык. Фестивалда Кыргыз Эл акыны Шайлообек Дүйшеев биздин студенттерге китеп тууралуу өзүнүн кеңештерин айтты жана өзүнүн китеп көргөзмөсүнө коюлган китептери менен тааныштырды. Агай менен чогу эстеликке сүрөткө түштүк.
Китеп фестивалына көптөгөн басмаканалар жана авторлор өз басма китептерин көргөзмө түрүндө уюштурушту. Көргөзмөлөрдүн ичинен Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80-жылдыгына арналган көргөзмө жана кыргыз тилиндеги алгачкы окуу куралы “Алиппе”(1924-2024жж) тууралуу атайын экспозиция кызыктуу болду.
“XVI КИТЕП FEST-2025” фестивалынын максаты – Кыргызстанда, өзгөчө балдар жана жаштардын арасында китеп окуу маданиятын өнүктүрүү.
