21.11.24. IV Эл аралык студенттик илимий-практикалык конференциянын жыйынтыгы
Тема: «Борбордук Азия өлкөлөрү менен Кытайдын кызматташтыгы жаштардын көз карашы менен»
Конференция студенттерге илимий изилдөөлөрүн сунуштап, пикир алмашууга жана Борбордук Азия менен Кытайдын ортосундагы кызматташтыкты чыңдоого арналган маанилүү илимий аянтча болду.
Илимий конференцияда студенттерибиздин жетишкендиктери:
СЫЙЛЫК-СЫЙМЫК
2-орун: Рустамов Эмирхан (БД-1-23 тайпасы).
Докладдын темасы: «Кыргыз Республикасынын жана Кытайдын соода-экономикалык мамилелеринин абалы жана келечеги».
Жетекчиси: Сүйүндүкова Мейизгүл Иманалиевна (география мугалими).
3-орун: Байышова Арзуу (М-1-23 тайпасы).
Жетекчиси: Алиев Кубан (тарых мугалими).
Төмөнкү студенттер докладдарын ийгиликтүү коргоп, жогорку деңгээлдеги даярдыктарын көрсөтүштү:
Анарбаев Абдымуса (ФП-2-24 тайпасы);
Садыров Байастан (НН-2-24 тайпасы);
Талипов Нурдан (Бух-7-23 тайпасы);
Мырзаахматов Султан (ФП-3-24 тайпасы).
Баардык жеңүүчүлөрдү жана катышуучуларды куттуктайбыз!