13.11.2024-жылы.
Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына жана Илим күнүнө карата «Кыргыз мамлекеттүүлүгүн түптөөдөгү интеллигенция өкүлдөрүнүн ролу» аталышындагы илимий-практикалык конференция болуп өттү.
Конференциянын максаты: Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлүшүнүн тарыхын таанытуу, мекенчилдик сезимин арттыруу жана өлкөнүн өнүгүүсүнө салым кошкон тарыхый инсандарды даңазалоо.
Конференциянын коноктору:
Садыгалиев Уран Качкеевич К. Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинин «Дүйнөлүк Экономика» кафедрасынын доценти.
Тайлакова Салия Жеңишбековна М. Рыскулбеков атындагы Кыргыз экономикалык университети Илимий изилдөө университетинин «Философия жана социалдык-гуманитардык илимдер» кафедрасынын башчысынын милдетин аткаруучу, юридикалык илимдер кандидаты.
Темирбаев Бердигул М. Рыскулбеков атындагы Кыргыз экономикалык университети Илимий изилдөө университетинин «Философия жана социалдык-гуманитардык илимдер» кафедрасынын доценти, тарых илимдеринин кандидаты.
Жаңылышова Назгүл Тургунбаевна Бишкек шаарындагы Биринчи май районуна караштуу Абдылда Каниметов атындагы №1 Жатак мектеп-лицейинин тарых мугалими.
Конференцияга катышкан студенттер:
«Иш каналардын каржысы” адистигинин 2-курсунун студенттери
- Советбекова Алия
- Беренбекова Айтурган
- Асанкожоева Элзада
«Экономика жана бухгалтердик эсеп” адистигинин 2-курсунун студенттери
- Мусалиева Камила
- Мукашева Баян
- Бейшеналиева Мээрим
Конференцияга чакырылган коноктор, жана катышуучулар илимий иш-чаранын жүрүшүнө жогорку баасын берип өттү.
Уюштуруучулар:
Эсенканова Ж.Э
Айбекова Ж.А.
Кубатбек кызы Т.