23.12.25ж.
техникумда Жаңы жыл майрамына арналган салтанаттуу иш-чара өткөрүлдү. Иш-чарага техникумдун
кызматкерлеринин балдары, ошондой эле Ленин район акимиаттан келген балдар
катышты. Майрамдык
программа балдардын көңүлүн көтөрүүгө жана майрамдык маанай түзүүгө багытталып,
уюшкандыкта өткөрүлдү. Иш-чаранын жүрүшүндө куттуктоо сөздөр айтылып, көңүл
ачуучу бөлүк уюштурулду. Балдар үчүн оюн-зоок элементтери, интерактивдер жана
майрамдык тапшырмалар өткөрүлүп, активдүү катышкандарга белектер тапшырылды. Иш-чаранын
алкагында балдарга белектер, оюнчуктар жана ар түрдүү байгелер тапшырылды.
Ошондой эле иш-чара учурунда балдар үчүн таттуу вата (сладкая вата) сунушталып,
майрамдык маанай түзүлдү.
Иш-чаранын
жүрүшүндө балдардын коопсуздугу жана тартиби көзөмөлгө алынып, уюштуруу иштери
алдын ала даярдалган план боюнча жүргүзүлдү. Иш-чара жылуу жана достук
атмосферада өтүп, катышуучулар жакшы маанай менен тарашты.
Уюштуруучулар: Сатыбекова А.С., Белекова.А., Кулчаева.А., Эсенканова Ж.






