23.06.2025 ж. GIZ долбоорунун алкагында жүргүзүлгөн иш-чаранын жыйынтыгы белгиленди

Иш-чарага Казакстан, Тажикстан, Өзбекстан мамлекеттеринен келген өнөктөштөр жана жергиликтүү иш берүүчүлөр катышышты.  Жолугушууда долбоордун жүрүшүндө жетишилген жыйынтыктар айтылып, биргелешип жасалган эмгек жогору бааланды.  GIZ командасына терең ыраазычылык билдирилип, алардын колдоосу жана дуалдык окуутууну өнүктүрүүгө кошкон салымы өзгөчө белгиленди. Бул кызматташтыктын аркасында “Логистика” адистигине кызыгуу өстү жана студенттер окуп жүргөн учурда эле иш менен камсыз болуу мүмкүнчүлүгүн алышты.Ошондой эле GIZ долбоорунун командасы техникумга ыраазычылык баракчасы менен сыйлык тапшырып, долбоордун алкагында биргелешкен иш үчүн ыраазычылык билдиришти. Бул сыйлык – техникумдун дуалдык окутуу боюнча жасап жаткан аракеттеринин жана жигердүү кызматташтыгынын жогорку баасы болуп эсептелет.