2025-жылдын 25-апрелинде И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде өткөн «XXI кылымдагы тез өзгөрүп жаткан дүйнө шартында Кыргыз Республикасындагы билим берүү системасын трансформациялоонун өзгөчөлүктөрү» аттуу эл аралык илимий-практикалык конференция.

Баяндаманын темасы: «Экологиялык сабаттуулукту жогорулатуу үчүн STEAM-мамилесин колдонуунун актуалдуулугу».
Баяндамада экологиялык тарбия берүүдөгү заманбап методдор, STEAM-мамиленин натыйжалуулугу жана билим берүү процессине интеграциялоонун жолдору баяндалды. Мейизгүл Иманалиевнанын баяндамасы конференциянын актуалдуу темаларынын бири болуп, угармандар тарабынан жогору бааланды.
Окутуучубузга чыгармачылык ийгилик, илимий ишмердүүлүктө жаңы жетишкендиктерди каалайбыз!