Өлкө башчысынын  айтымында, “дени сак жана активдүү улут — бул өлкөнүн туруктуу өнүгүүсүнүн негизи жана анын келечегинин негизги ресурсу”

2025-жылдын кулжа айынын 12-де А.Токтоналиев атындагы БФЭТте  КР Президенти  С. Жапаровдун тарабынан дене тарбияны чыңдоо жана жарандар арасында сергек жашоо образын жайылтуу Саясатын колдоо максатында уюштурулган кичи-футбол боюнча  Турнир болуп өттү.  Өлкө башчысынын  айтымында, “дени сак жана активдүү улут — бул өлкөнүн туруктуу өнүгүүсүнүн негизи жана анын келечегинин негизги ресурсу”.

Жылуу жана достук маанайда өткөн футболдук мелдеш 2-курстун студенттеринен турган командаларды бириктирди. Катышуучулар мыкты физикалык даярдыгын, командалык духун жана спорттук чеберчилигин көрсөтүштү. Жеңүүчүлөр эстелик кубоктор, дипломдор жана демөөрчүлөрдөн акчалай сыйлыктар менен сыйланышты, эң башкысы — мындан аркы спорттук жетишкендиктерге дем-күч жана мотивация алышты.

Турнирдин демөөрчүсү  2020-жылдын техникумдун бүтүрүүчүсү, “NP Consulting” компаниясынын директору — Сартбаев Эрмек. Ошондой эле турнирдин ардактуу коноктору — “FC.ALAKUN”  футбол клубунун өкүлдөрү болушту.

Мындай иш-чаралар жаштарды активдүү спорт менен машыгууга тартуу, калкка сергек жашоо образын жайылтуу жана жаш кезинен баштап сергек адаттарды калыптандыруу максатында биздин окуу жайыбызда үзгүлтүксүз өткөрүлүп турат.

Бул Турнир спорттук майрам гана болбостон, дене тарбия жана спорт жаатындагы мамлекеттик саясаттын артыкчылыктарын ишке ашыруунун үлгүсү болуп калды.