Сүйүндүкова Мейизгүл 2025-жылдын 19–21-апрель күндөрү Ташкент шаарында өткөн Central Asian WikiCon 2025 эл аралык жыйынына Wikipedia Foundation тарабынан берилген стипендиянын ээси катары катышып келди.

Сүйүндүкова Мейизгүл — Бишкектеги А. Токтоналиев атындагы финансы-экономикалык техникумунун окутуучусу, Кыргыз Википедиясынын активдүү катышуучусу. Географияга байланыштуу макалаларды кыргыз тилинде түзөтүп, билимди жайылтууга чоң салым кошуп келет.
Ал 2025-жылдын 19–21-апрель күндөрү Ташкент шаарында өткөн Central Asian WikiCon 2025 эл аралык жыйынына Wikipedia Foundation тарабынан берилген стипендиянын ээси катары катышып келди.
Бул иш-чара ага Борбор Азиянын Википедия жамааттары менен тажрыйба алмашууга, жаңы идеялар менен таанышууга жана ачык билимди өнүктүрүүдөгү дем-күч алууга мүмкүнчүлүк берди.