Китептин ачылышы

Бишкек финансы-экономикалык техникумдун жалпы билим берүү комиссиясы физика мугалими Тилекбаева Турсун  жана Мамбетакунов Улан Эсенбекович менен биргеликте түзгөн “Физика таблицаларда жана схемаларда” атылыштагы окуу куралынын бет ачарын уюштурушту. Бет ачарга финансы техникумдун администрациясы жана комиссиянын мугалимдери катышышты.                                                                                                                                             Окуу куралын түзүүчү Турсун Тилекбаева окуу куралы тууралуу тааныштырып, окуу куралы менен иштөө ыкмасы жана китептин жаңычылдыгын кенен айтып берди.  Мындан сырткары жалпы эле педагогикалык чеберчилиги,жарыяланган макалалары боюнча кесиптештери менен ой бөлүштү.Жыйынтыгында администрация өкүлдөрү жана кесиптештери тарабынан жылуу сөздөр, каалоо тилектер,сунуштар, пикирлер менен коштолду.