8-март – Эл аралык аялдар күнүнө арналган концерт болуп өттү.

2025-ж. 7-мартында биздин техникумда 8-март – Эл аралык аялдар күнүнө арналган концерт болуп өттү. Студенттерибиз мугалимдер үчүн ырларга жана шаңдуу бийлерге толгон майрамдык программаны даярдап, жагымдуу маанай тартуулашты.

Ал эми жалпы техникумубуздун атынан биздин айымдарыбызды майрамыңыздар менен чын жүрөктөн куттуктайбыз! Сиздерге кааларыбыз бактылуу өмүр сүрүү, чын ден соолук, иштериңиздерге ийгилик жана эң негизгиси ар дайым жылмаюу жүзүңөрдөн кетпесин!