Сүйүндүкова Мейизгүл Иманалиевна – “Лучший педагог СНГ-2025”!

Биз сыймыктануу менен маалымдайбыз: Алиаскар Токтоналиев атындагы Бишкектеги финансы-экономикалык техникумунун (БФЭТ) география мугалими Сүйүндүкова Мейизгүл Иманалиевна Казакстанда өткөн “Лучший педагог СНГ-2025” эл аралык конкурсун жеңип, өзүнүн кесипкөйлүгүн дагы бир жолу далилдеди!

 Бул конкурс – билим берүү тармагындагы мыкты мугалимдерди аныктап, алардын эмгегин баалоо жана тажрыйба алмашууга шарт түзүү максатында уюштурулган.

 Конкурстун негизги максаттары:
Мугалимдик кесиптин коомдогу статусун жогорулатуу
Педагогдордун чыгармачылык жана интеллектуалдык мүмкүнчүлүктөрүн ачуу                                                                                                                                    Тажрыйба алмашууну жана кесиптик өнүгүүнү колдоо

 Бул жеңиш – тынымсыз эмгектин, чыгармачылыктын жана билимге болгон берилгендиктин жемиши! БФЭТтин жамааты Мейизгүл Иманалиевнаны чын жүрөктөн куттуктап, ага мындан ары да жаңы ийгиликтерди каалайт!