2025-жылы дүйнөгө белгилүү классик акын, өзгөчө таланттын жана тагдырдын ээси – Алыкул Осмонов 110 жашка толду.
Ушуну менен катар Эл аралык ТҮРКСОЙ уюму 2025 жылды – Алыкулду эскерүү жылы деп жарыялады.
Акындын юбилейлик датасын утурлай БФЭТтин китепкана жамааты студенттерди Алыкулдун өмүрү, чыгармачылыгы менен жакындан тааныштыруу максатында акындын үй музейине ФП-2-24 группасын саякатка алып барды. Музейдин кызматкери, Алыкул таануучу Замир Асаналиев студенттерге Алыкулдун үй музейи менен толук тааныштырып чыкты. Андан соң студенттер акындын ырларынан көркөм окуулар менен иш чараны аякташты.
Китепкана 24.03.2025 жыл.