4-декабрь «Манас» эпосунун күнүнө карата ««Манас» эпосу – кыргыз рухунун туу чокусу» аттуу интеллектуалдык таймаш болуп өттү. Бул күн 2015-жылдын 27-апрелинде Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министирлигинин ошондой эле өлкө парламентинин демилгеси аркылуу №259 токтомдун негизинде кабыл алынган. Иш-чараны өткөрүүнүн максаты: ар бир кыргыздын жүрөгүндө патриоттук сезимди ойготуу жана «Мен Манастын урпагымын» деген ыйык сезимди сиңирүү. Таймашка “Банк иши” адистигинин студенттеринен түзүлгөн -“МУРАС” тобу жана “Ишкананын каржысы” адистигинен түзүлгөн -“АК ШУМКАР” тобу катышты. Таймаш 5 бөлүктөн турду
1- Саламдашуу бөлүмү.
2- Үчилтик бөлүмү.
3- Сыр куржун бөлүмү.
4- Күтүлбөгөн бир суроо.
5- Үй тапшырмасы.
Иш-чаранын коногу, Фольклор таануучу Байчекиров Нурлан Чолпонкулович, “Кыргыз тили жана адабияты” циклдик комиссиясынын жетекчиси Жорупбекова Ж.А., Окуу башкармалыгынын катчысы, кыргыз тили жана адабияты мугалими Касмалиева Гүлжан Шарыповна калыстык кылып беришти.
Студенттер таймашка чыгармачылык менен жогорку деңгээлде даярданышкандыгын баа берип жатып калыстар тобу белгилеп өттү.
Таймаштын жыйынтыгында 72 упай менен “АК ШУМКАР” тобу I-орунга, 69 упай менен “МУРАС” тобу II-оунга ээ болушту.
Уштуруучулар: Орозбек кызы Нурзат, Эсенканова Жумакан Эмилбаевна.