И.Арабаев атындагы КМУнун 80 жылдыгына арналган конференцияга биздин студенттердин активдүү катышуусу
Конференцияда улуттук экономиканын бүгүнкү күндөгү көйгөйлөрү, анын ичинде коррупциянын экономикага тийгизген терс таасирлери талкууланып, келечек муунга жол көрсөтүүчү сунуштар берилди.
Биздин техникумдан да студенттер өз докладдары менен активдүү катышып, коррупцияга каршы күрөшүү чаралары боюнча өз ойлорун сунушташты. Алардын даярдыгы үчүн өзгөчө Сүйүндүкова М.И., Кулеков Н.Ш. жана Мирфазиева Г.А. чоң салым кошушту.
Катышкан студенттер:
1. Абдылдаев Э. (Б-1-23)
2. Абийирбекова А. (Б-1-23)
3. Белекова Ш.К. (ФП-3-22)
4. Бектемирова А.К. (ФП-3-22)
5. Кожобекова Б. (ФП-1-23)
6. Кадырбеков С. жана Кубанычбеков М. (ФП-2-24)
7. Эльменбекова Э. (ФП-2-24)
Конференциянын жыйынтыгы
Бул иш-чара студенттерге коррупциянын КР экономикасына тийгизген кесепеттерин тереңирээк түшүнүүгө жана коррупцияга каршы иштиктүү чараларды иштеп чыгууга мүмкүнчүлүк берди. Мындан тышкары, студенттер заманбап көйгөйлөрдү чечүү жолдорун талкуулоодо өз позицияларын бекемдешти.
Конференцияны И.Арабаев атындагы КМУнун Экономика жана менеджмент институтунун Орто кесиптик билим берүү бөлүмү уюштурду.
Студенттерибизге ийгилик каалайбыз жана аларды чын жүрөктөн куттуктайбыз!
Бул иш-чара биздин техникумдун студенттеринин илимге болгон кызыгуусун жана интеллектуалдык потенциалын дагы бир жолу көрсөттү.