6-декабрь 2024-жылы БФЭТ, Кыргыз-Корея колледжи жана «АДАМ»университетинин студенттеринин ортосунда волейбол боюнча достук жолугушуу болуп өттү.
Беттешти өткөрүүнүн башкы максаты билим берүү мекемелеринин ортосундагы достук байланышты чыңдоо, спорттук духту өнүктүрүү жана студенттердин дене тарбиялык даярдыгын жогорулатуу болду. Мындай жолугушуулар жаштар арасында волейболду жайылтууга, командада иштөө көндүмдөрүн жана спорттук тартипти калыптандырууга өбөлгө түзөт.
Беттеш БФЭТ-Кыргыз-корей колледжи — 3:0, БФЭТ — «Адам» — 3:0 эсебинде жыйынтыкталды. Бул жетишкендик оюнчулардын жогорку даярдыгы, алардын биримдиги, ошондой эле жакшы курулган тактиканын аркасында мүмкүн болду. БФЭТТИН спортчулары ишенимдүү оюн көрсөтүп, чабуулда чеберчилигин жана коргонууда ишенимдүүлүгүн көрсө түштү.
Ушул сыяктуу спорттук иш-чаралар физикалык көндүмдөрдү өркүндөтүүдө гана эмес, мекемелердин ортосундагы достукту чыңдоодо да маанилүү ролду ойнойт. Матч бардык катышуучулар үчүн сергек атаандаштыктын жана шыктандыруучу тажрыйбанын үлгүсү болду.
Конок командалар да жеңишке болгон эркти жана күжүрмөн духту көрсөтүү менен өздөрүн татыктуу көрсөтүштү. Катышуучулардын өз ара сый-урматы жана спорттук кызыгуусу көрүүчүлөрдүн жана оюнчулардын арасында жакшы сезимдерди калтырып, майрамдык маанайды жаратты.
6 декабря 2024 года состоялись товарищеские встреча по волейболу между студентами БФЭТ, Корейского колледжа и университета «АДАМ».
Главной целью проведения матча было укрепление дружеских связей между образовательными учреждениями, развитие спортивного духа и повышение уровня физической подготовки студентов. Такие встречи способствуют популяризации волейбола среди молодежи, формированию навыков командной работы и спортивной дисциплины.
Матч завершился победой команды БФЭТ-Кыргызско-корейский колледж со счётом 3:0, БФЭТ-«»Адам» — 3:0. Это достижение стало возможным благодаря высокой подготовке игроков, их сплоченности, а также грамотно выстроенной тактике. Спортсмены БФЭТ показали уверенную игру, демонстрируя мастерство в нападении и надежность в защите.
Подобные спортивные мероприятия играют важную роль не только в развитии физических навыков, но и в укреплении дружбы между учебными заведениями. Матч стал примером здоровой конкуренции и вдохновляющим опытом для всех участников.
Команды гостей также проявили себя достойно, продемонстрировав волю к победе и боевой дух. Взаимное уважение и спортивный интерес участников создали атмосферу праздника, оставив положительные эмоции у зрителей и игроков.