ЖОЖдор аралык студенттик илимий-практикалык конференция
6-декабрь 2024-жылы Кыргыз Республикасынын эл аралык университетинде болуп өткөн «Санариптештирүү Кыргыз Республикасынын экономикалык өнүгүүсүнүн фактору катары» темасындагы ЖОЖдор аралык илимий-студенттик конференцияга катышуу үчүн окутуучулар Узекеева И.Ш. жана Сүйүндүкова М. И. менен техникумдун 1-3-курстарынын студенттерин даярдашты.
Техникумдун студенттери илимий изилдөөлөрүн ийгиликтүү тапшырышты. Өзгөчө 2-курстун студенти Шейшенгазиев Ислам айырмаланып, мыкты доклад үчүн диплом алып, Ардактуу орунга ээ болду. Конференциянын калган катышуучулары активдүү катышкандыгы үчүн сертификаттар менен сыйланышты.
Конференциянын катышуучулары:
- Асанов Абдулкадыр, 1-курстун студенти, ФП-3-24 тайпасы
- Айдарбекова Алтынай, 2-курстун студенти, Бух-3-23 тайпасы
- Рустамов Эмирхан, 2-курстун студенти, БД-1-23 тайпасы
- Жакшылыков Эмир, 1-курстун студенти, ФП-2-24 тайпасы
- Абдылдаева Айжамал, 3-курстун студенти, Л-1-22 тайпасы
- Мурзалиева Алтынай, 2-курстун студенти, Бух-5-23 тайпасы
- Кубатова Акылай, 2-курстун студенти, Бух-8-23 тайпасы
- Айдаров Нурбек, 2-курстун студенти, Бух-8-23 тайпасы
- Эдилбекова Айдай, 2-курстун студенти, Бух-5-23 тайпасы
- Бакытова Каныкей, 2-курстун студенти, Бух-5-23 тайпасы
- Байышова Арзуу, 2-курстун студенти, Бух-6-23 тайпасы
- Мусалиева Камила, 2-курстун студенти, Бух-8-23 тайпасы
- Каныбеков Эмирхан, 2-курстун студенти, БД-4-23 тайпасы
Жеңүүчүнү куттуктайбыз жана бардык катышуучуларга техникумду татыктуу көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылык билдиребиз! Мындан аркы ийгиликтерди жана жаңы жетишкендиктерди каалайбыз!