Бүгүн, 2024-жылдын 26-ноябрында «М.Рыскулбеков атындагы Кыргыз экономикалык университети» Илимий-изилдөө университетинин А.Токтоналиев атындагы Бишкектеги финансы-экономикалык техникуму менен ОшМУнун Финансы жана юридикалык колледжи ортосунда академиялык мобилдүүлүк программаларынын алкагында кызматташуу келишими түзүлдү.
Келишим эки мекеменин студенттери, окутуучулары жана кызматкерлери үчүн мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүүгө багытталган. Анын негизги максаттары болуп төмөнкүлөр саналат:
- Студенттердин академиялык мобилдүүлүгү: студенттерге билим берүү тажрыйбасын байытуу үчүн өнөктөш мекемеде билим берүү программасынын бир бөлүгүн бүтүрүү мүмкүнчүлүгүн берүү.
* Мугалимдерди жана кызматкерлерди алмашуу: биргелешкен лекцияларды, семинарларды, тренингдерди өткөрүү, тажрыйба жана окутуу ыкмаларын алмашуу.
* Илимий иш-чаралар: биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу, илимий конференцияларды жана басылмаларды уюштуруу.
* Маданий жана билим берүү тармагындагы өз ара аракеттенүү: тегерек столдор, семинарлар, мастер-класстар сыяктуу биргелешкен иш-чараларды өткөрүү, кесиптик өсүүгө көмөктөшүү жана университеттер аралык байланыштарды чыңдоо.
Бул келишимдин түзүлүшү эки тарап үчүн жаңы горизонтторду ачып, билим берүү процессинин катышуучуларынын кесиптик потенциалын өнүктүрүүгө жана билим берүүнүн сапатын жогорулатууга өбөлгө түзөт.
Сегодня, 26-ноября 2024 года Бишкекский финансово-экономический техникум имени А. Токтоналиева Научно-исследовательского университета “Кыргызский экономический университет им.М.Рыскулбекова» и Финансово-юридический колледж Ошского государственного университета заключили договор о сотрудничестве в рамках программ академической мобильности.
Соглашение направлено на расширение возможностей для студентов, преподавателей и сотрудников обоих учебных заведений. Его ключевыми целями являются:
- Академическая мобильность студентов: предоставление возможности обучающимся проходить часть образовательной программы в партнерском учреждении для обогащения их образовательного опыта.
- Обмен преподавателями и сотрудниками: проведение совместных лекций, семинаров, тренингов, обмен опытом и методиками преподавания.
- Научно-исследовательская деятельность: реализация совместных проектов, организация научных конференций и публикаций.
- Культурное и образовательное взаимодействие: проведение совместных мероприятий, таких как круглые столы, воркшопы, мастер-классы, способствующих профессиональному росту и укреплению межвузовских связей.
Заключение данного договора открывает новые горизонты для обеих сторон, способствуя развитию профессионального потенциала участников образовательного процесса и повышению качества образования.