Бишкекский финансово-экономический
техникум им. А. Токтоналиева
Научно –исследовательского университета «Кыргызский экономический университет им. М. Рыскулбекова»
09.02.2024 Ачык сабак
9-февралда саат 13:00 окуу залында, кыргыз тили жана адабияты мугалими Нургүлай Токтонбек кызы Фп 1-23 тайпасында “Кыргыз тили” сабагы боюнча “Синтаксис. Сөз айкаштарынын түрлөрү” темасындагы ачык сабак өткөрдү. Ачык сабакка техникумубуздун бөлүм башчылары, СМК жетекчиси жана башка окутуучулар катышты.
Окутуучулар сабакты жогорку деңгээлде баалап,
Токтонбек к. Нургүлайга мындан аркы чыгармачылык ийгиликтерди каалашты.