День открытых дверей 27.05.2023г. 11-00

27.05.2023ж. А.Токтоналиев атындагы Бишкектеги финансы-экономикалык техникумунда «Ачык эшиктер күнү» болуп өттү. Бул күнү биз абитуриенттерди жана алардын ата-энелерин техникумдан тосуп алдык. Биздин студенттер концерттик программа көрсөтүп, техникумда окутулган бардык адистиктер тууралу айтып беришти. Ошондой эле биздин техникум боюнча экскурсия жана ар кайсы адистиктин мугалимдери консультация беришти. Келгениңиз үчүн рахмат жана сентябрда баарыңыздарды күтөбүз!