«Жалпы билим берүү тармактары» предметтик - циклдик комиссиясы

Эсенканова Жумакан Эмилбаевна

Циклдик комиссиянын төрайымы:

                                                    

Жалпы билим берүү циклдик комиссиясы БФЭТтин түзүмдүк бөлүмү болуп саналат

ПЦКнын курамы бул баа жеткис тажрыйбасы бар жогорку квалификациялуу орто кесиптик билим берүүчү окутуучлар, бул окуу процессин усулдук жактан камсыз кылуунун татаал маселелерин чечүүгө мүмкүндүк берет. Бардык окутуучулар өз алдынча билим алуу, квалификацияны жогорулатуу семинарларына, шаардын жана өлкөнүн илимий-практикалык конференцияларына катышуу менен теориялык жана кесиптик деңгээлин жогорулатуу үчүн системалуу иштешет.

Биринчи курстун студенттери тогузунчу класстын бүтүрүүчүлөрү болуп саналат, алар негизинен жалпы билим берүү дисциплиналары: Кыргызстан тарыхы, Дүйнөлүк тарых, Физика, Астрономия, Атуулдук таануу, Биология, География, Химия, Манас таануу сабактары боюнча билим жана тарбия алышат.

ПЦКнын окутуучулары тарабынан чоң усулдук иштер жүргүзүлүп, көптөгөн окуу-усулдук иштелмелер жана колдонмолор жазылды. Окутуунун салттуу эмес формалары жана ыкмалары колдонулат: сабак – практикум, сабак – конференция, сабак – экскурсия, иштиктүү оюндар ж. б. у.с.

Комиссиянын негизги милдеттери:

Жалпы адамзат маданиятынын негиздерин өздөштүрүү аркылуу объективдүү социалдык ролдордун системасын аткарууга даяр жана жөндөмдүү гармоникалык жактан өнүккөн инсандарды, өз ишин мыкты билген адис-профессионалдарды калыптандыруу.

Студенттердин жүрүм-турумунун жана активдүүлүгүнүн профессионалдык жана социалдык багыттагы негиздерин калыптандыруу;

Кесиптик жана жалпы компетенцияларды, өз алдынча билим алуу, билгичтик, өзүн-өзү тарбиялоо, өзүн-өзү аныктоо жөндөмдөрүн жана көндүмдөрүн калыптандыруу;

Азыркы коомдо ийгиликтүү адаптациялоого өбөлгө түзүүчү эмгекке болгон сүйүү, кесиптик билимдерди жана көндүмдөрдү, инсандык сапаттарды калыптандыруу;

Жеке жана жамааттык ишти уюштуруу жөндөмүн, адамдар менен мамиле түзө билүү, өз алдынча башкаруу көндүмдөрүн калыптандыруу;

Мекенге берилгендикти жана сүйүүнү тарбиялоо;

Интернационалдык улуттук аң-сезимди, улуттук ар-намысты калыптандыруу;

Адеп-ахлактык жана укуктук маданиятты калыптандыруу;

Экологиялык маданиятты калыптандыруу.

Билим берүү жараянын өркүндөтүүнүн артыкчылыктуу багыты катары тарбия иштеринин маанисин күчөтү;

Тарбия иштеринин өзгөрмөлүүлүгүн камсыз кылуу, студенттердин сабактан тышкаркы чыгармачыл иш-аракеттеринин ар кандай формаларын колдонууну кеңейтүү.

Студенттерди окутуу жана тарбиялоо орто кесиптик билим берүүдөгү Мамлекеттик стандарттарына ылайык жүргүзүлөт.

Ай сайын циклдик комиссиянын отурумдары өткөрүлүп турат, анда студенттерди окутуунун, окутуунун жана тарбиялоонун сапаты, жаш окутуучулар менен насаатчылардын ортосунда тажрыйба алмашуу, ошондой эле техникумдун администрациясы койгон милдеттер талкууланат.