
ЖАПАРОВ ГУРАС ДУРБОЛОНОВИЧ
ДИРЕКТОР
Билими: Жогорку. 1986–1993-жж., К.И. Скрябин атындагы КАУ. 1996-1998-жж. — аспирантура Кыргыз тоо-кен металлургия институту, 2007-ж. — экономика илимдеринин доктору, М.Рыскулбеков атындагы Кыргыз экономикалык университетинин профессору
Адистиги: Экономист — айыл чарба өндүрүшүн уюштуруучу
Квалификациясы: Экономист
Педагогикалык стажы: 25 жыл
А.Токтоналиев атындагы БФЭТте 2024-жылдан бери иштейт.
Илимий ишмердиги:
88 илимий макаласы жарык көрдү, ошондой эле Кыргыз экономикалык Энциклопедиясынын авторлошу;
«КР улуттук инновациялык системасын түзүү проблемалары» окуу куралынын, «Кыргыз Республикасындагы камсыздандыруу”, «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бюджетин стратегиялык пландаштыруу жана болжолдоо: теория жана практика» монографиясынын автору.
Сыйлыктары: КР Финансы министрлигинин Ардак грамотасы, КР Финансы рыногунун отличниги.