Алматы шаарында өткөн эл аралык форумга Бишкек финансы-экономикалык техникумунун өкүлдөрү катышты

2026-жылдын 23–24-апрелинде Алматы шаарында «Логистиканы жана кесиптик билим берүү системасын жасалма интеллектти киргизүү шартында санариптик трансформациялоо» аттуу эл аралык форум болуп өттү.

Аталган иш-чарага Бишкек финансы-экономикалык техникумунун окутуучулары Мукашева М.С., Темирова З.С. жана Бейшейева Ч.С. активдүү катышышты.

Форумдун алкагында ГМФ бөлүмүнүн башчысы Мукашева М.С. «Логистика адистеринде практикалык компетенцияларды калыптандыруунун куралы катары дуалдык окутуу (биздин техникумдун мисалында)» темасында баяндама жасады. Баяндамада дуалдык окутуу системасын өнүктүрүү, логистика тармагындагы заманбап билим берүү ыкмалары, ошондой эле жасалма интеллект жана санариптештирүү багыттары кеңири чагылдырылды. Доклад мазмундуулугу жана практикалык мааниси менен өзгөчөлөнүп, катышуучулар тарабынан жогору бааланды.

Иш-чара эл аралык деңгээлде өтүп, Тажикстан, Өзбекстан, Казакстан, Россия жана башка өлкөлөрдөн келген адистердин катышуусунда тажрыйба алмашууга жана кесиптик байланыштарды чыңдоого өбөлгө түздү.

Мындан тышкары, форумдун алкагында Эл аралык бизнес академиясы, Ташкент автожол техникуму жана Алматы финансы-экономикалык колледжи менен кызматташуу боюнча меморандумдарга кол коюлду. Бул келишимдер билим берүү тармагында өнөктөштүктү кеңейтүүгө жана студенттер үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзүүгө багытталган.