Бүгүн, 2026-жылдын 24-мартында, «Каржы жана банк дисциплиналары» предметтик циклдык комиссиясынын окутуучусу Сальпиева Т.Ш. «Ийгилик Полиси» кофейнясы аттуу интеллектуалдык оюн форматында ачык сабак өткөрдү.
Иш-чара «Камсыздандыруу чеберчилиги мектеби» ийриминин алкагында «Камсыздандыруу иши» адистигинин студенттери үчүн уюштурулду.
Иш-чара интерактивдүү форматта өттү: студенттер тапшырмаларды чыныгы кофейнядагыдай «менюдан» тандап алышты. Бул ыкма окуу процессин кызыктуу жана жандуу өткөрүүгө мүмкүнчүлүк берди.
Оюндун жүрүшүндө катышуучулар төмөнкү багыттар боюнча билимдерин жана практикалык көндүмдөрүн көрсөтүштү:
сатуулар жана кирешелер
финансылык туруктуулукту талдоо
зыянсыздык чекитин аныктоо
жагдайлык кейстерди чечүү
ролдук оюндар
камсыздандыруу стартабын (жаңы өнүмдү) иштеп чыгуу
Студенттер жогорку деңгээлдеги даярдыгын, аналитикалык ой жүгүртүүсүн жана командалык ишмердүүлүгүн көрсөтүштү.
Бул иш-чарага «АТН Полис» камсыздандыруу компаниясынын жана «Аманат» камсыздандыруу компаниясынын өкүлдөрү чакырылды. Жыйынтыгында жеңүүчү командалар аныкталып, I, II жана III орундарга баалуу сыйлыктар тапшырылды. Бардык катышуучуларга «Каржы жана банк дисциплиналары» предметтик циклдык комиссиясынын окутуучулары тарабынан белектер берилди.
Калыстар тобунун курамы:
Маметова Нестан Бакытбековна — «АТН Полис» камсыздандыруу компаниясынын корпоративдик камсыздандыруу бөлүмүнүн башчысы
Абдыкалиев Мырза Темиркулович — «АТН Полис» камсыздандыруу компаниясынын чекене камсыздандыруу бөлүмүнүн адиси
Тойбеков Ильяс Орумбаевич — «Аманат» камсыздандыруу компаниясынын корпоративдик камсыздандыруу жана кайра камсыздандыруу башкармалыгынын жетекчиси
Тагаев Кубанычбек Абдымаликович — «Аманат» камсыздандыруу компаниясынын дооматтар менен эсептешүү кызматынын жетектөөчү адиси
Джабетова Венера Съездовна — 1-курстун бөлүм башчысы
Окоева Гульнара Качкыновна — окутуучу
Кызматташтык үчүн «АТН Полис» жана «Аманат» камсыздандыруу компанияларына ыраазычылык билдиребиз жана келечектеги адистерди даярдоого кошкон салымыңыздар үчүн терең ыраазычылык билдиребиз!