13.03.2026 Студенттик кеңештин секторлорунун төрагаларынын кызматтарын өткөрүп берүү аземи болуп өттү

Мурунку төрагалар өз милдеттерин жаңы жетекчилерге өткөрүп беришти, алар студенттик өз алдынча башкаруунун ишин улантып, анын өнүгүшүнө салым кошушат.

Экс-төрагаларга жоопкерчилиги, активдүүлүгү жана техникумдун жашоосуна кошкон салымы үчүн чын жүрөктөн ыраазычылык билдиребиз. Аткарган эмгегиңиздер үчүн чоң рахмат! Силерге окууда, кесиптик өсүүдө жана жаңы жетишкендиктерде ийгиликтерди каалайбыз.

Жаңы төрагаларды жана алардын орун басарларын дайындалышы менен куттуктайбыз! Сиздердин ишиңиздер маанилүү жыйынтыктарды берип, идеяларыңыздар техникумубуздун өнүгүшүнө салым кошсун.