
Евразиялык экономикалык комиссиясынын 2025-жылдын 26-декабрындагы №11/н буйругунун негизинде Бишкек финансы-экономикалык техникумунун (А. Токтоналиев атындагы) директору Жапаров Гурас Дурболонович Евразиялык экономикалык интеграцияны өнүктүрүүгө кошкон олуттуу салымы үчүн Евразиялык экономикалык комиссиясынын «Евразиялык интеграцияны өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн» төш белгиси менен сыйланды.
Бул сыйлык Евразиялык экономикалык комиссия менен өз ара натыйжалуу кызматташтыкты ишке ашыруудагы өзгөчө эмгеги жана евразиялык интеграцияны өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн ыйгарылды. Сыйлыкты Евразия экономикалык комиссиясынын энергетика жана инфраструктура министри А. Кожошев тапшырды.
Бишкек финансы-экономикалык техникумунун жамааты Жапаров Гурас Дурболоновичти жогорку сыйлыгы менен чын жүрөктөн куттуктап, мындан аркы ишмердүүлүгүнө ийгиликтерди жана зор жетишкендиктерди каалайт.



