
2026-жылдын 3-февралында БФЭТ китепканасынын кызматкери Сүйөрбек кызы Кыял 1-курстун Бух-2-25 тайпасынын студенттери менен бирге Эл аралык Рерих борборунун Тянь-Шань Рерих коомунун жетекчиси Синенко Светлана Петровнанын чакыруусу менен Россия үйүндө өтүп жаткан «Сулуулардын жарчысы» көргөзмөсүнө катышышты. Көргөзмөдө Светлана Синенко уникалдуу сүрөттөрдү, адабияттарды жана даректүү тасмалардан үзүндүлөрдү тартуулады. Коюлган экспонаттардан Рерихтин үй-бүлөсүнүн коомдук ишмердүүлүгү, илимге жана искусствого кошкон салымы жөнүндө көрүүгө болот. Студенттерге көргөзмө жакшы манай тартуулады.





