А.Токтоналиев атындагы Бишкектеги финансы-экономикалык техникумдун физика мугалими, Эл агартуунун мыктысы Т. Тилекбаева менен педагогика илиминин доктору, профессор У.Э. Мамбетакуновдун «Физика таблицаларда жана схемаларда» аталыштагы окуу куралынын жарык көрүшү менен БФЭТтин администрациясы жана педагогикалык жамаатынын атынан, ак дилден куттук айтабыз!

Сиздерге бекем ден-соолук, берекелүү өмүр, ишинерге чыгармачыл ийгиликтерди каалайбыз!

Замандын агымына ылайык маалымат каражаттары жогорку ылдамдыкта өнүгүп жаткандыктан, студенттер (окуучулар) информациялык жабдуулар менен алектенип, китептер окулбай турган учурда студенттерди китеп менен иштөөнү адатка айландырууну калыптандыруу максаты коюлган. Физика сабагын окутуу (үйрөнүү) ыкмасын байытуу, кыргыз тилинде окуган студентке окуу материалын жеңилдетип, жеткиликтүу кылып бере турган окуу куралы түзулгөн. Окуу куралы мектептин, атайын кесиптик орто окуу жайларынын, лицей, колледж, техникумдун окуучуларына жана жалпы эле физикага кызыккандарга арналат.