“14-февраль – Эл аралык китеп тартуулоо күнүн” утурлай Алыкул Осмонов атындагы Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасы “Китеп жан дүйнөгө эшик ачат, жарык чачат” аттуу иш чараны Манас Академиясы менен биргеликте уюштурушту. Иш-чарага белгилүү акын, жазуучулар, коомдук ишмерлер, китепканачылар, басмакананын жетекчилери катышышты.
Биздин китепканадан Рыскулова Ибагүл Шериповна катышып, руханий, маданий маалымат алып, китеп окуунун бүгүнкү күндөгү актуалдуулугу жөнүндө ой пикирлер айтылды.
Техникумубуздун физика мугалими Тилекбаева Турсун Тилекбаевна Эл аралык китеп тартуулоо күнү менен куттактап, өзүнүн жаңы басылып чыккан Физика китебин китепканага белекке берди.



