Техникумга 94-жыл. Бул — дээрлик бир кылымдык тарых, салт, эмгек жетишкендиктери жана билим берүү ишине болгон тынымсыз кызмат!

30.10.2025 биздин Техникум өзүнүн негизделгенине 94 жыл толгонун белгиледи. Бул — дээрлик бир кылымдык тарых, салт, эмгек жетишкендиктери жана билим берүү ишине болгон тынымсыз кызмат!

Майрамдык иш-чара салтанаттуу жана жылуу маанайда өттү. Иш-чарага эмгек ардагерлери жана бүтүрүүчүлөр катышып, студенттик күндөрүн жылуу эскеришип, каалоо-тилектерин билдиришти.

Программанын өзгөчө бөлүгү — биринчи курс студенттерин кабыл алуу аземи болду. Бул күн алар үчүн жашоодогу жаңы этаптын — кесиптик өсүү, ачылыштар жана жетишкендиктердин башталышы болуп калды.