Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнүнө арналган «Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн түптөлүшүнө салымын кошкон тарыхый инсандар» аттуу конок лекция өткөрүлдү.

2025-жылдын 7-ноябрында биздин техникумда Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнүнө арналган «Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн түптөлүшүнө салымын кошкон тарыхый инсандар» аттуу конок лекция өткөрүлдү.                                                                                              Лекцияны Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Б. Жамгырчинов атындагы Тарых, археология жана этнология институтунун ага илимий кызматкери жана  К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинин доценти Дюшенбиев Саламат Усупович өткөрдү.                                                                                                                                                                                                                                      Иш-чаранын жүрүшүндө лектор кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн тарыхый түптөрүнө токтолуп, бүгүнкү күндө мамлекеттүүлүк биздин заманга чейинки биринчи миң жылдыктын аягында пайда болгондугу илимий жактан далилденгенин белгиледи. Ошондон бери кыргыз эли өнүгүүнүн бир катар этаптарынан өтүп, ар кандай тарыхый мезгилдерде мамлекеттик түзүлүштөргө ээ болуп келген.            Мамлекеттик түзүлүш кыргыз элинин биримдигин жана коопсуздугун камсыз кылган негизги күч катары кызмат өтөп келген. Ошондой эле мамлекеттүүлүктүн калыптанышында жана өнүгүшүндө саясий элитанын — элдин жетекчилеринин, тарыхый инсандардын орду жана ролу өзгөчө экендиги баса белгиленди.

Лекция билим берүүчү жана тарбиялык мааниге ээ болуп, студенттерге кыргыз элинин тарыхый мурастары тууралуу кеңири маалымат берди.

Жооптуу мугалимдер: Айбекова Ж.А., Алиев К.Н., Самудунова Н.М., Кирибаева Д.С.